Түркия менен Орусиянын соода көлөмү өстү

Орусиянын Федералдык бажы кызматынын көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1011023
Түркия менен Орусиянын соода көлөмү өстү

Түркия менен Орусиянын ортосундагы соода көлөмү быйылкы жылдын январь-май айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 46,2 пайыз өсүп 11,3 миллиард долларга жетти.

Орусиянын Федералдык бажы кызматынын көрсөткүчтөрүнө караганда, Орусиянын Түркияга жалпы экспорту ушул жылдын биринчи беш айында, өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 44,6 пайыз өсүп 9,7 миллиард долларга көбөйдү.

Өлкөнүн Түркиядан импорту да ушул эле мезгилде 60 пайыз өсүп 1 миллиард 600 миң доллар болду.

Орусиянын жалпы соода көлөмүндө Түркиянын үлүшү да 0,7 балл артып 4,2 пайызга жетти.

Көрсөткүчтөргө караганда Түркия өткөн жылга салыштырмалуу 50 пайызга жакын өскөн соода көлөмү менен быйылкы жылдын төрт айында Орусиянын эң ири төртүнчү соода өнөктөшү абалында эле.



Тектеш кабарлар