Малайзиялыктар өлкөнүн карызы үчүн 36 миллион доллар чогултушту

Малайзиянын 252 миллиард долларлык тышкы карызы бар.

1010188
Малайзиялыктар өлкөнүн карызы үчүн 36 миллион доллар чогултушту

Малайзия эли, өлкөнүн тышкы карызынын төлөнүшүнө салым кошуу үчүн өкмөттүн «Үмүт фондуна» 36 миллион доллар чогултушту.

Каржы министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Үмүт фонду» аркылуу 40 күндүн ичинде элден чогулган каражаттын 36 миллион АКШ долларына жеткендиги белгиленди.

Малай эли 30-майда ишке кирген фонд үчүн биринчи күнү эле 1 миллион 700 миң доллар чогултушкан болчу.

Малайзиянын мурунку премьер-министри Нажиб Разак мезгилинен калган 252 миллиард долларлык карызы бар.

Өлкөнүн чыгымдарынын азайтылышына карата чара көрүүлөрдүн алкагында министрлердин айлык акылары 10 пайыз кыскартылган болчу.



Тектеш кабарлар