Көк түстүү алмаз 6,7 миллион долларга сатылды
6,1 караттык көк алмазды аттуу-баштуу кишилер колдонуп келген.
972453
Акыркы 300 жылда европалык аттуу-баштуу кишилер тарабынан колдонулуп келген көк түстүү алмаз, Швецариянын Женева шаарында өткөрүлгөн аукциондо 6,7 миллион долларга сатылды.
Сотби аукцион үйү сатууга койгон көк алмаз, Испаниянын королу 5-Филиппке 1715-жылы баш кошкон Парма герцогунун кызы Элизабет Фарнезенин белеги эле.
Үч жүз жыл бою Испания, Франция жана Австриядагы аттуу-баштуу кишилер колдонгон 6,1 караттык көк алмаз 6 миллион 700 миң долларга сатылса, кардардын аты-жөнү тууралуу маалымат берилген жок.
Бул алмаздын Индиядагы Голконда кенинен чыгарылганы белгиленди.