Антальяга немис жана орус туристтер көп келүүдө

Туризмдин борбору Антальяга жылдын биринчи 4 айында келген 1, 2 миллиндон ашуун чет элдик туристтин 50, 4 пайызы Германия жана Орусиядан келди.

968296
Антальяга немис жана орус туристтер көп келүүдө

Туризмдин борбору Антальяга жылдын биринчи 4 айында келген 1, 2 миллиндон ашуун чет элдик туристтин 50, 4 пайызы Германия жана Орусиядан келди.

Январь  - апрель айларында шаарга аба жолу менен 1 миллион 201 миң 653 чет элдик турист келди.

Жылдын биринчи 4 айында Антальяга келген чет элдик турист саны өткөн жылдын ушул эле айына караганда 41 пайызга өстү.

2017 -  жылдын ушул эле мезгилинде 855 миң 23 чет элдик саякатчы келген.

Шаарга эң көп Германиядан турист келди.  Келген турис саны 309 миң 602 киши. Германиядан кийин 296 миң 189 киши менен Орусиядан келген саякатчылар болду.

Германиядан келген турист саны өткөн жылдын биринчи 4 айлык мезгилине караганда 35 пайызга, Орусиядан келген турист саны да 59 пайызга өстү.

Эки өлкөдөн келген жалпы турист саны 605 миң 791 кишиге жетип, бул сан шаарга келген бардык чет элдиктердин 50, 4 пайызын түздү.

Жылдын 4 айында Антальяга келген чет элдик турист санында үчүнчү орунду 69 миң 466 киши менен Британия алды.

Британиядан кийин 64 миң 169 киши менен Нидерландия, 41 миң 841 турист саны менен Израиль, 36 миң 468 турист менен Иран, 29 миң 900 турист менен Польша, 29 миң 772 турист менен Украина, 29 миң 706 турист менен Бельгия жана 17 миң 505 турист менен Дания келди.

Бул мезгилде Хорватиядан келген турист саны 238 пайызга, Польшадан келген 233 пайызга, Венгриядан 197 пайызга, Словениядан 145 пайызга, Финландиядан 143 пайызга, Франциядан 98 пайызга артты.



Тектеш кабарлар