Түрк аба жолдору Краснодарга каттай баштады
Түрк аба жолдорунун бүгүн башталган Краснодар каттамдары жуманын 5 күнү эки тараптуу түрдө ишке ашырылат.
Дүйнөнүн эң көп өлкөсүнө каттаган Түрк аба жолдору (THY), 303чү учуучу жери катары Орусиянын Краснодар шаарын учуу желесине кошту.
THYнүн басма сөз кеңешчилигинин жарыясына караганда Орусияда учурда Москва, Санкт- Петербург, Сочи, Ростов, Казан, Экатеринбург, Воронеж, Самара жана Уфа шаарларына каттаган Түрк аба жолдорунун бул өлкөдөгү онунчу жери Краснодар болду.
Түрк аба жолдорунун бүгүн башталган Краснодар каттамдары жуманын 5 күнү эки тараптуу түрдө ишке ашырылат.
Краснодарга башталган кататмдар менен бирге THYнүн сапатын жана тейлөө түшүнүгүн бул кооз шаарга сунган болоорун белгилеген THYнүн баш катчысынын орун басары Ахмет Олмуштур: «Орусияда каттаган 10чу жер болушунан улам кубанычтабыз. Краснодар шаарына жумасына эки жактуу түрдө 5 жолу каттайбыз»,-деп айтты.
Эске сала кетсек Стамбулдан Краснодарга бардык салыктар менен кошо барыш-келиш 280 доллардан башталган ачылышка атайын баалар менен саякат кылынат.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.