Орусиядан Түркияга саякат
Өткөн жылы Орусиядан өлкө тышына жасалган 42 миллион саякаттын 11 пайызы Түркияга жасалды.
Өткөн жылы Орусиядан өлкө тышына жасалган 42 миллион саякаттын 11 пайызы Түркияга жасалды.
Жер Ортолук деңиз туристтик мейманкана жана бизнес бирикмесинин отчетуна караганда өткөн жылы Орусиядан өлкө тышына жасалган саякаттар андан мурунку жылга караганда 24, 1 пайызга артып, 33, 8 миллиондон 42 миллионго жетти.
Орусиядан 2017 - жылы эң көп зыярат кылынган өлкө Түркия болду. Өткөн жылы Түркияга 4 миллион 659 миң 699 орус турист келген. Бул зыяраттар Орусиядан өлкө тышына жасалган зыяраттардын 11 пайызын түздү. Орус зыяратчы саны 2017- жылы андан мурунку жылга караганда 453, 2 пайыздык артуу көрсөттү.
Жер Ортолук деңиз туристтик мейманкана жана бизнес бирикмесинин төрагасы Эркан Ягжы орустардын эс алуу үчүн Түркияны көптөгөн жылдардан бери биринчи орунга койгондугун айтты.