Түркиянын дагы бир мега долбоорунун пайдубалы түптөлдү

Бинали Йылдырым, Түркиянын так кадамдар менен 2023-жылга карай жүрүшүн уланта турганын айтты.

932383
Түркиянын дагы бир мега долбоорунун пайдубалы түптөлдү

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркиянын так кадамдар менен 2023-жылга карай жүрүшүн уланта турганын айтты.

Йылдырым, Гелиболуда 1915 Чанаккале көпүрөсү жана Малкара-Чанаккале автожолунун мунарасынын пайдубалын түптөө бетону менен Мунаранын казыгын уруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Чанаккаленин тарыхый күндү өткөрүп жатканын эске салып, бүгүн 18-Март Деңиз жеңишинин 103-жылы экенин түшүндүрдү.

Ушул күндү дагы түшүнүктүү кылыш үчүн Түркиянын мега долбоорлорунан бирөө, дүйнөнүн эң узун асма көпүрөсүнүн пайдубалы түптөлгөнүн айткан Йылдырым: «Эки мунаранын ортосундагы аралык толук 2023 метр. Бул болсо 2023-жылга баратканда Республикабыздын 100 жылдыгына карай Түркияга, Чанаккалеге, шейиттер жергесине эң узун көпүрөнү белек кылуу деген түшүнүктү берет. Ийгиликтүү, пайдалуу болсун»,-деди.

Бүгүн дагы бир кубанычка бөлөнгөндөрүн түшүндүргөн Йылдырым, Түрк аскеринин Афринде дастан жазганын, ал жерлерди террористтерден тазалаганын айтты.

Премьер-министр Түркиянын ичкериде жана тышкарыда террористтер менен күрөшүүсүн чечкиндүүлүк менен улантып жатканда бир тараптан дүйнөнүн эң чоң долбоорлорун ишке ашырууну да улантканын айтты.

Йылдырым, Түркиянын экономикасы үчүн «кыйынчылыктар бар, татаалдыктар бар» дегендерге Чанаккале көпүрөсү долбоорунун эң сонун жооп болгонун баса белгилеп, бул долбоордун финансыланышынын 70 пайызынын чет элдик банктардан камсыздалганын айтты.

Бинали Йылдырым: «1 миллиард 700 миллион евролук насыяга муктаждык болуп турганда, 2 миллиард 700 миллион евродон ашуун талап келди. Талап кылгандардын бир бөлүгүн да ала алган жокпуз. Мына бул Түркиянын күчүн көрсөтүп турат. Түркияга болгон ишенимди көрсөтүп турат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар