Террор менен күрөшүү үчүн керектүү каражатты ансыз деле бөлгөнбүз

Экономика боюнча жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшек жеке менчик бир телеканалда күн тартип тууралуу маалымат берди.

922510
Террор менен күрөшүү үчүн керектүү каражатты ансыз деле бөлгөнбүз

Экономика боюнча жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшек, бюджетте финансылык тартиптин сакталганын белгилеп, «Террор менен күрөшүү үчүн керектүү каражатты ансыз деле бөлгөнбүз, экономикага, макро-финансылык ырааттуулукка Афринден келип чыгуучу маанилүү коркунучту көргөн жерибиз жок»,-деди.

Шимшек жеке менчик бир телеканалда күн тартип тууралуу маалымат берди.

Бир өлкөдө террор коркунучу бар болсо, алгачкы милдетинин муну менен күрөшүү экенин баса белгилеген Шимшек, бул абалдын экономикалык өнүгүү жана эркиндик үчүн алдыңкы шарт болгонун белгиледи.

Түркиянын 2016-жылы чоң олку-солкулукту башынан өткөргөнүн, бирок 2017-жылы көрүлгөн чаралар жана реформалар менен мунун артка калтырылганын түшүндүргөн Шимшек, келечекте боло турган олку-солкулуктарга, алдыдагы мезгилде боло турган глобалдык соода таймаштары же акчалай кыйынчылыктарга да чараларды көрүүнү уланткандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар