Түркия Сауд Арабияга камикадзе учкучсуз учуучу аппараттарды сатат

Түркиядан Сауд Арабияга камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар сатылышы күн тартипте...

919518
Түркия Сауд Арабияга камикадзе учкучсуз учуучу аппараттарды сатат

Түркиядан Сауд Арабияга камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар сатылышы күн тартипте...

Коргонуу технологиялары инженердик жана соода акционердик фирмасынын (STM) башкы директору Давут Йылмаз, Сауд Арабия менен камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар сатылышын сүйлөшкөндөрүн айтты.

Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда өткөн «4-Куралдуу күчтөр-жергиликтүү өндүрүштү колдоо жарманкесине (AFED 2018)» катышкан Коргонуу технологиялары инженердик жана соода акционердик фирмасынын (STM) башкы директору Давут Йылмаз, Түркия ардактуу конок катары катышкан AFED-2018ге Түркиянын сапаттуу товарлары менен олуттуу катышуу ишке ашканын белгиледи.

Йылмаз, Сауд Арабияга жасала турган камикадзе учкучсуз учуучу аппараттардын экспорттолушу башка өлкөлөргө да үлгү боло турганын айтты.

Сауд Арабиянын өздөрү үчүн абдан маанилүү өлкө экенин жана акыркы жылдарда ар башка өлчөмдөрдө барган сайын арткан карым-катнаштарга көңүл бурган Йылмаз, бул карым-катнаштарды коргонуу тармагында дагы так абалга келтирүү жана алдыдагы мезгилде эки өлкөнүн арасындагы достукту да чыңдоо үчүн камикадзе учкучсуз учуучу аппараттардын экспорттолушу маанилүү кадам болгонун айтты.

Йылмаз сауд Арабия менен камикадзе учкучсуз учуучу аппараттардан баштап ар башка тармактарда сүйлөшүүлөр уланып жатканын маалымдады.

Сауд Арабия менен кибер коопсуздук жана авиация сертификаты темалары боюнча иштешкен ар түрдүү долбоорлор да бар экенин айткан Йылмаз, аларга да жакынкы убакта кол коюла турганын ойлогондорун билдирди.


Этикеткалар: #Куралдуу күчтөр

Тектеш кабарлар