Түрк фундугуна Кытай кызыкдар
Кытайга 26 миллион 74 миң 791 килограмм фундук экспорттолду.
Дүйнөлүк фундук өндүрүшү жана экспортунун чоң бөлүгүнө ээ болгон Түркия үчүн Европадан кийин Кытай да маанилүү рынокко айланды.
Түркия Кытайга 2007-жылы 712 миң 928 килограмм фундук (токой жаңгагы) сатса, бул сан 2017-жылы 7 миллион 307 миң 265 килограммга жетти.
Кытайга 2007-2017-жылдар аралыгында 26 миллион 74 миң 791 килограмм фундук экспорттолуп, өлкөнүн экономикасына 216 миллион 258 миң 538 доллар киреше түштү.
Карадеңиз фундук азыктары жана экспортчулары биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Эюп Севинч, Кытай рыногуна чоң маани бергендерин айтты.
Севинч Кытай рыногунун келечекте Түркия үчүн дагы да маанилүү рынок болооруна ишенгендерин, көрсөткүчтөрдүн да бул ойлорун колдогонун билдирди.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.