Биржа рекордун улантууда
Биржа Стамбул 100 индекси кечээ 118.955 балл менен бардык убактардын эң жогорку деңгээлине чыкты.
Биржа Стамбул 100 индекси жаңы жылда рекордго жетишүү менен ишин улантууда.
Жаңы жылды 115.333 баллдык деңгээл менен баштаган жана жогорулоо менен ишин уланткан Биржа Стамбул 100 индекси кечээ 118.955 балл менен бардык убактардын эң жогорку деңгээлине чыкты.
Талдоочулар дүйнө биржаларындагы позитивдүү атмосфера жана «Зейтин далы» кыймылына байланыштуу тынчсыздануулардын азайышынын түрк лирасы капиталына болгон кызыгууну арттыргандыгын белгиледи.
Биржа Стамбул 100 индексинин эсеп – кысап кемчилигиндеги доллар курсу менен 31. 350 баллдык деңгээлде экендигин билдирген талдоочулар келерки мезгилде индекстин жаңы рекорддорго жете аларын айтты.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.