Түркиянын өсүү божомолу
Дүйнөлүк банк, «Глобалдык экономикалык күтүүлөр» отчетун жарыялады.
Дүйнөлүк банк, Түркиянын 2017-жылга байланыштуу өсүү божомолун 6,7 пайызга жогорулатып, 2018-жылга карата күтүүсүн болсо 3,5 пайыз катары бир калыпта сактады.
Дүйнөлүк банк, «Глобалдык экономикалык күтүүлөр» отчетунун 2018-жылдын январь айындагы санын жарыялады.
Отчетто Түркиянын күтүлгөндөн дагы ылдам калыбына келишинде бюджеттик жана каржылык колдоонун маанилүү салымы болгону билдирилди.
Дүйнөлүк банк, дүйнөдөгү өсүү күтүүлөрүн да жогорулатты.
Отчетто дүйнө экономикасынын 2017-жылы 3 пайыз, 2018-жылы 3,1 пайыз жана 2019-жылы 3 пайыз өсөөрүнүн күтүлгөнү белгиленди.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.