Японияда жумушчуларга айлык акылары виртуалдык акча менен төлөнөт...

Японияда бир фирма жумушчуларынын айлык акыларынын бир бөлүгүн виртуалдык акча бирдиги Bitcoin менен төлөйт.

867821
Японияда жумушчуларга айлык акылары виртуалдык акча менен төлөнөт...

Японияда бир фирма жумушчуларынын айлык акыларынын бир бөлүгүн виртуалдык акча бирдиги Bitcoin менен төлөй турганын жарыялады.

GMO İnternet Group аттуу фирманын жарыясында 2018-жылдын март айынан баштап 4 миң жумушчуга айлык акыларынын 100 миң йендик бөлүгүнүн крипто акча бирдиги менен төлөө альтернативасы сунуштала турганын белгиледи.

Виртуалдык акча бирдиги менен төлөөнүн жумуш менен камсыздоочу жана жумушчулардын ортосундагы макулдашуунун негизинде жасала турганы баса белгиленген жарыяда, Bitcoin менен жасалган төлөмдөрдүн бул жагынан өлкө мыйзамдарына ылайык экендиги белгиленди.

Токтомдун Bitcoin акчасынын  жактырылышын шыктандыруу максатында чыгарылганы маалымдалды.

Бир канча күн мурда баасы 19 миң долларга чейин жогорулаган виртуалдык акча бирдиги Bitcoin, АКШнын Чикаго шаарындагы CBOE биржасында «XBT» коду менен айланууга чыгарыла баштаган.

Базар баасы 280 миллиард доллардан жогору болгон Bitcoin, эл аралык дары-дармек фирмасы Pfizer жана АКШнын телекоммуникация фирмалары AT&T жана Verizon сыяктуу гигант фирмаларын артка калтырды.

Дүйнө жалпысында 1200гө жакын берки акча бирдиктеринин жалпы базар баасы болсо орто эсеп менен 400 миллиард деңгээлинде...



Тектеш кабарлар