Араканда «Түрк дөбөсү» курулууда...

Түркиянын Диний фондунун (TDV) башкы директору Мустафа Туткун, турак үй салына турган аянтты аймактын адамы «Түрк дөбөсү» деп атап койгонун белгиледи.

843805
Араканда «Түрк дөбөсү» курулууда...

Түркиянын Диний фондунун (TDV) башкы директору Мустафа Туткун: «Түркия талап кылган 24 миң турак үй салына турган аянттын алынышы тууралуу учурда расмий түрдө так такталбаганы менен бирге бир аянт белгиленди. Бул аянтты аймактын адамы «Түрк дөбөсү» деп атап койду»,-деди.

Диний фонду катары аймакта 150 миңге жакын адамга жардам жеткиргендерин жарыялаган Туткун, Бангладеш чек арасындагы аймакта инфраструктура иштеринин аяктоосу жана Бангладеш аскеринин учурда салынып жаткан 13 чакырымдык жол иштеринин бүтүрүлүшүнөн кийин 24 миң турак үй орун ала турган долбоордун жол картасын белгилей тургандарын билдирип, долбоордун курулушна апрель айында баштоону пландагандарын жарыялады.

«Түрк дөбөсү» деп аталган жерде убактылуу түрдө курулган баш калкалоочу жерлер орун алганын айткан Туткун, бул жерде учурда 600 үй-бүлөнүн жашаганын айтты.

Туткун Түркиянын Диний фонду тарабынан 2012-жылдагы кризистен бери мекеме катары Араканда иштерди улантканын белгилеп, аракандыктар жашап жаткан Бангладеш, Пакистан, Малайзия сыяктуу аймактарда да тыгыз түрдө иштерин уланткандарын кошумчалады.

Аймакта ачылган суу кудуктарынын 5-6 метр тереңдикте болгонун жана таза эместигин баса белгилеген Туткун: «Таза ичиле турган суу темасында биздин маанилүү иштерибиз бар. Тазалоочу комплекстери менен кошо курулган терең суу кудуктарын салууну пландоодобуз. 150 метр тереңдиктен, чыкканда суунун таза болуп чыккан өндүрүш тууралуу сөз кылуудабыз. Тазалоочу комплекс менен кошо ичиле турган суу өндүрүлүшүн максаттоодобуз. Учурда бир кудук бүткөнү калды. Ар башка жерлерге салынышы темасында да иштерибиз бар»,-деди.

Туткун учурда Түркияда Аракан үчүн 2 айда 50 миллион түрк лирасы чогултулганын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар