Орусия түрк помидорун качан сатып ала баштайт?
Александр Новак суроолорго жооп берди
Орусиянын энергетика министри Александр Новак, помидор сатып алууда Түркия менен принципте макулдашылганын белгиледи.
Түркия-Орусия өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы болгон Новак, Түркиядан помидор сатып алууга качан уруксат бериле турганы жөнүндөгү суроо боюнча: «Бул темада принцип чечими чыгарылды. Учурда 1-декабрдан тарта 4 түрк компаниясынан 50 миң тонна помидор сатып алынышына карата мыйзамдуу түзөтүүлөр ишке ашырылууда. Документтердин бекитилиши үчүн аракет кылып жатабыз»,-деди.
Орусиянын вице-премьер-министри Аркадий Дворкович, Түркиядан помидор импортунун декабрь-апрель айларынын аралыгын камтый турганын билдирген болчу.
Бул учурда 21-октябрда Татарстандын борбор шаары Казанда өткөрүлө турган Түркия-Орусия өкмөттөр аралык комиссиясында айыл чарба тармагынын да каралуусу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.