ТИКА Бразилиядагы Рак илдети менен күрөшүүчү институтка жардам берди

Бул ТИКАнын Бразилияда бүтүргөн алгачкы долбоору болуп саналат.

825931
ТИКА Бразилиядагы Рак илдети менен күрөшүүчү институтка жардам берди

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) башкармалыгы, Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы Рак илдетине кабылган балдарды дарылоо институтуна медициналык шайман жардамын берди.

ТИКАнын камсыздаган медициналык шаймандары Институтта өткөрүлгөн азем менен тапшырылды.

Түркиянын Сан-Паулу башкы консулдугунун уюштуруусу менен берилген жардам, ТИКАнын Бразилияда бүтүргөн алгачкы долбоору болуп саналат.

Институт дарыланбаган же күчөп кеткен рак жана гемотологиялык оорулары бар балдарды дарылоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

 



Тектеш кабарлар