Венгрия "Түрк агымы" аркылуу орус газын сатып алат
Венгриянын пландары
820702
Венгриянын тышкы иштер министри Питер Сжижарто өлкөсүнүн 2019-жылдан тарта «Түрк агымынын» экинчи колу аркылуу орус газын сатып алууну пландаганын айтты.
Россия-24 телеканалына маек куруп берген Венгриянын тышкы иштер министри Питер: «Түрк агымынын эки түтүк жолунун болушуна кызыктарбыз. Куурлардын бири Түркиянын ички керектөөсүнө кызмат көрсөтө алат. Экинчи куур да Европанын орто тилкесине жана Балкан өлкөлөрүнүн батышына газ алып барышы керек»,-деди.
Министр Питер, «Газпром» менен «Түрк агымы» аркылуу газ сатып алуу үчүн 2019-жылга чейин Венгриянын инфраструктурасынын толук өнүктүрүлүшүн көздөгөн жол картасына кол койгондорун да белгиледи.