Орусиянын элчиси Алексей Ерков Антальяда болду

Орусиялык туристтердин саны рекорддук деңгээлге жетти

818749
Орусиянын элчиси Алексей Ерков Антальяда болду

Анталья орусиялык туристтердин санында рекорд жаратты.

Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерков кызматын өткөрүп алгандан кийинки биринчи сапарын Антальяга жасады.

Анталья губарнетору Мүнир Каралоглу элчи Ерковдун сапары убагында айткан билдирүүсүндө, сентябрь айынын аягынан тарта шаарга келген орусиялык туристтердин саны 3 миллион 376 миңге жеткенин белгилеп: «2014-жылы бул сан 3 миллион 307 миң киши эле, учурда бардык мезгилдин рекордуна жетишти»,-деди.

Губарнатор Каралоглу Орусия менен Түркиянын ортосундагы саясий, соода-сатык жана экономикалык карым-катнаштардын абдан жогорку деңгээлде жана эки өлкөнүн лидеринин жетекчилигинде уланып жатканын айтты.

Анталья менен Орусиянын алакаларына да токтолгон Каралоглу: «Октябрь жана ноябрь айларында Антальяга саякаттар уланат жана бул сан дагы да көбөйөт. Албетте бир гана саякат эмес Антальяда көп сандаган орус досубуз кыймылсыз мүлк сатып алып, бул жерде жашап, өмүрүн Антальяда сүргөн көп сандаган орус жараныбыз да бар. Биз буга кубанычтабыз»,-деди.

Ерков болсо мурдагы досу болгон губернатор Каралоглунун сапарга ыраазы болгонун айтты.

Элчи Алексей Ерков Түркиядан помидор импортуна байланыштуу 20-октябрда эки өлкөнүн делегацияларынын жолугуша тургандарын да билдирди.



Тектеш кабарлар