Англиянын аба жолу фирмасы банкрот болгонун жарыялады

Англиянын транспорт министри Крис Грэйлинг, бул чечим тууралуу, «Күтүлбөгөн абалга күтүлбөгөн жооп»,-деп айтты.

818826
Англиянын аба жолу фирмасы банкрот болгонун жарыялады

Англиянын бешинчи эң ири аба жолу фирмасы Monarch Airlines шашылыш чечим чыгарып банкрот болгонун жарыялады.

Англиянын авиация тарыхынын эң чоң банкроту болгон бул токтомдон кийин, 300 миң резервация жоюлуп, дагы деле колдорунда кайтыш билеттери болгон 100 миң жүргүнчүнүн да чет өлкөдөн кантип Англияга кайта тургандары белгисиз.

2500 киши иштеген Monarch Airlines, өткөн жылда 6 миллион жүргүнчү ташыптыр жана 214 миллион фунт зыянга учураганын жарыялаган эле.

Англиянын транспорт министри Крис Грэйлинг, бул чечим тууралуу, «Күтүлбөгөн абалга күтүлбөгөн жооп»,-деп айтты.

Monarch Airlines, 1967-жылы 5-июнда курулган. Жарым кылымдык фирма Англиянын алдыңкы оюнчуларынын арасында орун алып келген.



Тектеш кабарлар