Түрк экономикасы ылдам өсүүдө
«Financial Times» гезити түрк экономикасынын өсүүсүнө көңүл бурду
Англияда басылып чыккан «Financial Times» гезити түрк экономикасынын өсүүсүнө көңүл бурду.
Анда Түркиянын кыска мөөнөттүн ичинде дүйнөдөгү эң ылдам өнүккөн өлкөлөрдүн бири болгону баса белгиленди.
Гезиттин кабарында түрк экономикасынын дагы да өсө турганы белгиленип: «Түрк лирасы акыркы жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти. Экономикалык ишеним 5 жылдан бери эң жогорку чекке жетти,- деген сөздөр жазылды.
Түрк экономикасы жылдын биринчи чейрегинде 5 пайыз, экинчи чейрегинде болсо 5,1 пайыз өскөн болчу.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.