БУУнун бир эмгеги түшүмдүү талаалар жок болуп баратканын көрсөттү

«The Global Land Outlook» аттуу эмгекте түшүмү азайган жерлердин себебинен миллиондогон адамдын ачкачылык, жокчулук жана кагылышуу коркунучу менен бетме-бет келгени белгиленген.

806529
БУУнун бир эмгеги түшүмдүү талаалар жок болуп баратканын көрсөттү

БУУнун бир эмгеги дүйнөдөгү талаа аянттарынын үчтөн бири тынымсыз эгүүлөрдүн себебинен ашыкча желип кеткенин ортого салууда.

«The Global Land Outlook» аттуу эмгекте түшүмдүүлүгү азайган жерлердин себебинен миллиондогон адамдын ачкачылык, жокчулук жана кагылышуу коркунучу менен бетме-бет келгени белгиленген.

Глобалдык деңгээлде жасалган эмгек, түшүмсүздүккө башкы себеп катары индустриялык талаачылыкты көрсөтүп турат.

БУУ, жыл сайын 24 миллиард тонна түшүмдүү топрактын жана 15 миллиард бактын жок болгонун айтууда.

Бул эмгек, талааны тынымсыз иштетүүдөн баш тартууга чакырууда.

Алды алынбаса азык-түлүккө жана түшүмдүү жерлерге талап барган сайын өсүп уланышы күтүлгөн бул абалдын Судан жана Чад мисалында болгону сыяктуу кагылышуу коркунучун арттыра турганы менен эскерткен.

БУУ, түшүмдүү талаалардын чөлгө айлануусуна бөгөт болуш үчүн улуттук деңгээлде алдын алуулар жасалышын талап кылды.



Тектеш кабарлар