Түркия мурдагы Түркия эмес...
Берат Албайрак, Стамбул биржасындагы «Эл аралык экономикалык өнүгүү саммити-Кытай жана Индия аркылуу глобалдык кризиске көз караш жана Түркия» темалуу программада сөз сүйлөдү.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, 2019-жылдагы шайлоолор менен түрк саясатында башкача мезгилдин баштала турганын айтты.
Албайрак: «Орчундуу босого болгон 2019-жыл менен бирге саясатта башкача мезгил башталат. 2019-жылдан кийин Түркия жаңы мезгилде оң багытта айырмаланган сейрек өлкөлөрдөн бири болот»,-деди.
Берат Албайрак, Стамбул биржасындагы «Эл аралык экономикалык өнүгүү саммити-Кытай жана Индия аркылуу глобалдык кризиске көз караш жана Түркия» темалуу программада сөз сүйлөдү.
Албайрак: «Жаңы дүйнөдөгү Азия борборлуу экономика желесинин айлануусунун ичинде Түркия кирешеге киреше карым-катнашын жеке бир перспективадан жүргүзөбү? Чыгыш,батыш, түндүк жана түштүк менен мурдагыдан дагы күчтүү карым-катнаштарды улантат. Батыш менен карым-катнаштарыбыз сыноодон өтүүдө. 80 миллион түрк калкынан ажырасаңыз көп нерседен ажыраган болосуз. Эми мурдагы Түркия жок. Популизм үчүн микро жана макро экономикалык түзүлүштү бузуу эми жок. Түркия-Германия карым-катнаштарын ууландырууга аракет кылгандарга акыл эстүү саясатчылар уруксат бербеши керек»,-деди.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.