Стамбул биржасы сеанстарын жогорулоо менен баштады
Стамбул биржасы BIST 100 индекси, бул аптаны 0,88 пайызга жогорулап 107,906 балл менен баштады.
Стамбул биржасы BIST 100 индекси, бул аптаны 0,88 пайызга жогорулап 107,906 балл менен баштады.
Стамбул биржасы ачылышында 943,88 баллга жогорулап, банкчылык индексинин баасы 1,12 пайызга жана Холдинг индексинин баасы болсо 0,82 пайызга жогорулады. Бардык секторлордун индекстери киреше алып келип жатканда эң көп жогорулаган 1,94 пайыз менен кен иштетүү сектору болду.
Жума күнү Стамбул биржасы 106,000 балл чегине чейин түшкөндөн кийин кайра реакция көрсөтүүлөр менен жоготууларынын бир бөлүгүн толуктап мурдагы жабылышка караганда 0,78 пайызга жогорулап 106,963 балл менен жапкан.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.