Январь - май айларында келген турист саны

Түркияга бул жылдын январь – май мезгилинде эң көп турист Орусиядан келди.

772351
Январь -  май айларында келген турист саны

2017 – жылдын биринчи беш айында (январь – май) Түркияга жүздөн ашуун өлкөдөн жалпы 8 миллион 762 миң 509 чет элдик турист келген. Беш айда келген зыяратчы саны 2016 – жылдын ошол эле мезгилине караганда 5, 55 пайызга артты.

Зыяратчылар улутуна карата иликтенгенде биринчи орунду эки жылдан кийин кайрадан Орусия алды. Бул жылдын биринчи беш айында Орусиядан 928 миң 376 киши Түркияга келген. Бул өлкөдөн кийин 874 миң 955 зыяратчы менен Грузия, 863 миң 572 киши менен Германия, 774 миң 10 зыяратчы менен Иран, 638 миң 409 киши менен Болгария келди. Январь -  май мезгилинде Англиядан 396 миң 515 киши, Украинадан 316 миң 252 турист, Азербайжандан 243 миң 421 киши, Ирактан 239 миң 996 турист, Голландиядан 205 миң 931 киши, Грециядан да 204 миң 806 киши Түркияга келген.

Израиль, Сауд Аравия, Франция, Румыния, АКШ да зыяратчы саны 100 миң кишиден ашуун болгон өлкөлөрдүн арасында орун алды. Келген зыяратчылардын 10, 59 пайызын орустар, 9, 99 пайызын грузиндер, 9, 86 пайызын да немистер түзүүдө.

Жылдын беш айында Орусиядан келген зыяратчы саны өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 571, 86 пайызга артты. Европадан Түркияга карата эң көп талап болуп, Германия менен Голландиядан учактарга орун табуу кыйындап баратат.



Тектеш кабарлар