Катардагы Түркия жарманкеси

Катардагы соода кабинетинин төрага орун басары Мохамед Бин Ахмед Бин Товар Түркиядагы инветицияларынын өсүү жолуна киргендигин белгиледи.

717913
Катардагы Түркия жарманкеси

Катардагы соода кабинетинин төрага орун басары Мохамед Бин Ахмед Бин Товар Катардын 20 миллиард доллар болгон Түркиядагы инветицияларынын өсүү жолуна киргендигин белгиледи.

Expo Turkey by Qatar иш чарасынын негизинде Түркия   Катар сектор лидерлеринин саммити Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлдү.

Товар саммиттин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө бул иш чаранын эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштарды бекемдей тургандыгын баса белгиледи.

Түркия менен Катардын ортосундагы 800 миллион долларлык соода көлөмүнүн келерки жылдарда дагы да өсөрүн билдирген Товар Катардын 20 миллиард доллар болгон Түркиядагы инвестицияларын жогорулатуу багытына киргендигин айтты.

Товар түрк фирмаларынын Катарда маанилүү проектилерге кол коюшкандарын жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушкандарын айтып : «Ушул кезге чейин 18 миллиард долларлык сан сөз болууда. Бул дагы да өсөт»,- деди.



Тектеш кабарлар