Түркиянын экономикасы ылдам өсүп баратат

Зейбекчи Денизлиде ишкерлер менен жолукту

706870
Түркиянын экономикасы ылдам өсүп баратат

Экономика министри Нихат Зейбекчи Түркиянын экономикалык өсүүсү Европадагы көптөгөн өлкөгө салыштырмалуу дагы да ылдамдаганын айтты.

Зейбекчи Денизлиде иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолукту.

Түркиянын дүйнөдө акыркы 14 жылдын ичинде удаама-удаа 5,7 пайыз өскөнүн белгилеген Зейбекчи: «Бул өсүү менен дүйнөдөгү көптөгөн өлкөдөн дагы көп жогорку натыйжалуулук көрсөттүк. Түркия 2016-жылы 2,9 пайыздык өсүүсү менен Европадагы дээрлик бардык өлкөлөрдөн өсүү жагынан жогору болду»,-деди.

Түркиянын 2017-жылы баштаткан экспорт аракеттеринин жыйынтыктарын да ала турганын баса белгилеген министр Зейбекчи: «142 миллиард доллардан ашкан экспортубуз чоң ыктымалдуулук менен 153 миллиард доллар болот»-деп айтты.



Тектеш кабарлар