Жергиликтүү дрон аткыч атаандаштарын караандатпайт

Harp Arge (Согуштук изилдөө-өнүктүрүү), жаңы инвестициясы менен ийгилигин дагы да арттырууга даярданууда.

691336
Жергиликтүү дрон аткыч атаандаштарын караандатпайт

Түркиянын алгачкы электромагниттик дрон куралын чыгарган жана бул ийгилигин алгачкы экспортту жасап тастыктаган Harp Arge (Согуштук изилдөө-өнүктүрүү), жаңы инвестициясы менен ийгилигин дагы да арттырууга даярданууда.

Өткөн жылы курулган Harp Arge, коргоо өнөр жайында Түрк куралдуу күчтөрүнүн муктаждыгы болгон учкучсуз учуучу системалар жана бул системаларга бөгөт коюлушу, электрондук согуш жана роботтук тармактарга басым жасады. Фирма ушул өткөн убакта аты аталган технологиялардын жетилсе боло тургандай абалга келтирилиши, жайылтылышы жана колдонулушуна карай иштерин аткарды.

Түркияда алгач ирет Harp Arge тарабынан чыгарылган Дрон аткыч куралы, Коопсуздук башкы директорлугу жана Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан активдүү түрдө колдонулууда. Дрон аткыч, кол салуу максатында колдонула турган дрондорго каршы таасирдүү бөгөт коюучу өзгөчөлүктө ээ. Harp Arge өз капиталы менен өнүктүргөн дрон аткычы, Азербайжан армиясынын татаал сыноолорунан өткөн соң бул өлкөгө экспорттолду.

Harp Arge башкы координатору Айтекин Гүчлү, дүйнө жүзүндө дрон базарынын ченемсиз түрдө ылдам өнүгүп баратканын,бул базардын ошол эле учурда өзүнөн эки эсе көп дрон аткыч базарын түзө турганын айтты.

Ошондой эле максат менен колдонулган дрондордон 3 эсе дагы экономдуу жана 4 эсе дагы кыймылдуу система өнүктүргөндөрүн айткан Гүчлү, модулдук жана долбоорлоо жагынан чет өлкөдөгү атаандаштарынан күчтүү түрдө айырмалангандарын айтты.

Гүчлү, жакынкы келечекте чыга турган бир топ технологияга карата көрүлө турган чаралардын, бул куралга дароо орнотула ала турганын белгилеп кетти.

Чоң талап тапкан жергиликтүү дрон аткычтын экспорту үчүн 5 өлкө менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.



Тектеш кабарлар