Бурсада Улудаг экономикалык саммити өтөт

Улудаг экономикалык саммитине Түркиядан жана дүйнөдөн 1200 ишкер жана саясатчы катышат.

681108
Бурсада Улудаг экономикалык саммити өтөт

Ишкер жана саясат дүйнөсү алдыбыздагы айда Бурсада чогулат.

24-25-март күндөрүндө 6-жолу өткөрүлө турган Улудаг экономикалык саммитине Түркиядан жана дүйнөдөн 1200 ишкер жана саясатчы катышат.

Вице-премьер Мехмет Шимшек менен транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арсландын баяндама жасоосу күтүлгөн саммитте, Германиянын экс президенти Кристиан Вульф, Малайзиянын премьер-министринин илимий кеңешчиси Тан Шри Закри Абдул Хамид, Финляндиянын мурдагы билим берүү министри Пар Штенбек, Грециянын мурдагы финансы министри Янис Варуфакис жана Эстониянын мурдагы билим берүү министри Яак Аавиксоо сыяктуу кишилер орун алышат.

Саммитте АКШ, Австралия, Англия, Финляндия, Эстония, Греция, Индия, Ооганстан, Сауд Арабия жана Малайзиянын эң маанилүү фирмаларынын башкаруу кеңешинин төрагалары жана жогорку рангадагы башкаруучулары  (CEO) катышат.

Саммитте түрк ишкердик дүйнөсүнүн маанилүү холдинг жана фирмаларынын башкаруу кеңешинин төрагалары, жогорку рангадагы башкаруучулары жана ийгиликтүү иштерди кылган демилгечилер, ишкердик дүйнөсүндөгү жаңылыктарды жана күтүүлөрдү түшүндүрөт.



Тектеш кабарлар