Парламент Эркин экономикалык зоналар боюнча мыйзамды кабыл алды

Курула турган эркин экономикалык зоналар менен стратегиялык жана чоң көлөмдүү инвестициялар Түркияга тартылат.

669653
Парламент Эркин экономикалык зоналар боюнча мыйзамды кабыл алды

Эркин экономикалык зоналарга инвестиция жеңилдигин алып келген мыйзам долбоору Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы кеңешинде кабыл алынды.

Эркин экономикалык зоналар мыйзамына өзгөртүү киргизген мыйзам долбоору 15 беренеден турат.

Долбоор менен тышкы соодадагы үлүшү азайып бараткан эркин экономикалык зоналардын жандантылышы пландалууда.

Курула турган эркин экономикалык зоналар менен стратегиялык жана чоң көлөмдүү инвестициялар Түркияга тартылат.

Эркин экономикалык зона жарыяланган жерлерде аянт жана ишканаларга байланыштуу шашылыш мамлекеттештирүү чечими чыгарылат.

Мамлекеттин башкаруусундагы жана карамагындагы жерлер менен булардын үстүндөгү имарат жана комплекстер ижарага бериле алат.

Министрлер кеңешинин токтому менен чет өлкөлөрдө эркин экономикалык зоналар курула алат.

Чет өлкөдөн алып келинген товарлардын аймактын ичинде сатылышы жана андан кийин Түркияга чыгарылган учурунда акы алынат.

Чек ара аймактарында убактылуу эркин экономикалык зоналар курула алат.

Бул аймактардын курулуучу жерин жана мөөнөтүн Министрлер кеңеши белгилейт.

Тейлөө экспортунун өнүктүрүлүшү максаты менен майлоо (кароо), оңдоо, чогултуу жана сактоо сыяктуу тейлөөлөрдөн киреше же мекемелер салыгы алынбайт.

Долбоордо Түркия экспортчулар ассамблеясы жана биримдиктер тууралуу түзөтүүлөр да орун алууда.

Экспорттун өнүктүрүлүшү үчүн Түркия экспортчулар ассамблеясынын курамында Түркияны таанытуу тобу түзүлөт.

Ушундайча түрк товары түшүнүгүнүн дүйнөлүк базарларда күчтөндүрүлүшү камсыздалат.



Тектеш кабарлар