Түрк чайынын экспорту
Түрк чайынын экспорту өсүүдө
Булуң өлкөлөрүнөн келген араб туристтердин Чыгыш Карадеңизге болгон кызыгуусу аймакта туристтердин саны менен катар «Түрк чайынын» экспортун да арттырууда.
Чыгыш Карадеңиз аймагынын экспортчулар биримдигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, Түркиядан Булуң өлкөлөрүнө акыркы 6 жылдагы экспорт 25 пайыз өстү.
Түрк чайынын Булуң өлкөлөрүнө экспорту өткөн жылы 532 миң килограмм менен Ирак биринчи орунду ээлеген. Ирактан кийин Сауд Арабстан, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт, Катар, Иран, Оман жана Бахрейн турат.
Өткөн жылы бул өлкөлөргө жалпы 660 миң 798 килограмм чай экспорттолуп, андан 2 миллион 719 миң 433 доллар киреше түштү.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.