«Түрк агымы» жаратылыш газ түтүк жолу долбоору...
«Түрк агымы» жаратылыш газ түтүк жолу долбоору кайсы жерге чейин барат?
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Европа Биримдигинен керектүү кепилдиктердин алынган учурунда, «Түрк агымы» жаратылыш газ түтүк жолу долбоорун Европага жеткирүүгө даяр экендиктерин айтты.
Орусиянын борбор шаары Москвада Орусия-Европа соода биримдигинин жооптуу кызматкерлери менен жолуккан Лавров, «Түрк агымы» жаратылыш газ түтүк жолу проектине байланыштуу ачыктоолорду жасады.
Түркия жана Орусиянын ортосунда долбоорго байланыштуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюлганын эске салган Лавров: «Келишимдин алкагында курула турган бир багыттын да Греция аркылуу Европага жеткирилиши пландалууда»,-деди.
Өткөн аптада Брюсселде уюштурулган ЕБ саммитине да токтолгон Лавров, бул саммиттин жыйынтыгында Европа Биримдигинин Орусия менен мамилелеринде өз кызыкчылыктарын көздөгөн ыңгайлуу саясат жүргүзүшү азырынча көрүнбөгөнүн жактады.
«Түрк агымы» жаратылыш газ кууру долбоорунда Түркия жана Орусиянын арасындагы өкмөттөр аралык келишимге 10-октябрда Стамбулда кол коюлган.
Газпромдун аткаруу комитетинин төрагасы Алексей Миллер, Орусиянын мамлекет башчысы Владмир Путин менен кечээ Москвада жолугушкандан кийин, «Акыркы абалдар боюнча Түрк агымында пландалган эки багыт үчүн курулуш процессинин 2019-жылдын акырында бүтүрүлө ала турганын оңой эле айта алабыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.