Орусия Түркияга эт сатат
Россельхознадзордун басма сөз катчысы, түрк базар рыногуна уйдун этин сатуу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.
Орусиянын айыл-чарба продукцияларын көзөмөлдөө (Россельхознадзор) агенттигинин басма сөз катчысы Юлия Мелано, түрк базар рыногуна уйдун этин сатуу темасында келишим түзүлгөнүн билдирди.
Мелано келишимдин алкагында Орусиянын Түркияга уйдун этин сата турганын сөз кылды.
Орусия-Түркия соода-сатык жана экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына Россельхознадзордун жооптуу кызматкерлеринин да катышкандыгын белгилеген Мелано: «Каралган темалардан бири айыл-чарба продукцияларынын экспортундагы тең-салмаксыздык эле. Учурда продукциялар көбүнчө Түркиядан Орусияга экспорттолууда. Айрыкча Орусиянын эт азыктарын өндүрүүчүлөрүнүн Түркияга экспорттоого уруксаты жок»,- деди.
Сүйлөшүүлөрдүн негизинде алгач Орусиядан уй этинин түрк базар рыногуна сатылышы темасында келишим түзүлгөнүн айткан Мелона, түрк адистердин керектүү текшерүүлөр үчүн Орусияга бара тургандарын да билдирди.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.