Түркияга келген турист саны
Эң көп турист келген Европа өлкөлөрү Германия, Англия, Болгария жана Голландия
Бул жылы Түркияга келген туристтердин жарымынан көбү Европадан келди. Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда январь - август айларын камтыган 8 айда Түркияга Германиядан, АКШдан, Япониядан, Түштүк Кореядан, Алжирден, Таиланддан болуп жүздөн ашуун өлкөдөн 17 миллион 391 миң 431 чет элдик турист келди.
Чет элдик туристтерди улутуна карата изилдегенде бул мезгилде келген туристтердин 54 пайызга жакыны Европа өлкөлөрүнөн келген. Январь - август айларында Европа өлкөлөрүнөн Түркияга жалпы 9 миллион 385 миң 322 турист келди.
Эң көп турист келген Европа өлкөлөрү Германия, Англия, Болгария жана Голландия.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.