Түркиядагы төңкөрүш аракетинин чыгымы канча болду?

Түркиядагы төңкөрүш аракетинин чыгымы жөнүндө министр Түфенкчинин маалымдоосу.

544059
Түркиядагы төңкөрүш аракетинин чыгымы канча болду?

Бажы жана соода министри Бүлент Түфенкчи Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ)  15-июлдагы төңкөрүш аракетинин Түркия экономикасына чыгымы алгачкы белгилөөлөргө караганда 300 миллиард лира б.а. 100 миллиард доллар болгонун жарыялады.

Бүлент Түфенкчи бир топ журналистке берген маегинде рыноктордун төңкөрүш аракетинен кандай таасир алганын, экономикалык жактан жыйынтыгы кандай болгонун талкуулады.

Алагчкы эсептөөлөргө караганда 300 миллиард лира болгон зыянды маалымдап өткөн министр Түфенкчи, орто мөөнөттө бардык чыгымдын толук эсептеле турганын баса белгилеп, кеңири эсептелгенде бул сан дагы көп болушу мүмкүн экенин айтты.

Базарлардын төңкөрүш аракетинен кийин жакшы сыноодон өткөнүн айткан Түфенкчи, өсүү санын же экспорт сандарын жаңылоонун кереги жок экенин белгилеп кетти.

Министр чет өлкөлөрдө булардын бардыгын түшүндүрө турган таанытуу иш-чараларын жүргүзө тургандарын билдирип: «Биздин колубузда укмуш төңкөрүш баяны бар. Муну абдан туура белгилер менен абдан жакшы түшүндүрүшүбүз керек. Бул үчүн ишкерлер, чеберлер, спортчулар, саясатчылар эркин болушат. Биз туура маалыматты беребиз, алар түшүндүрүшөт»,-деди.



Тектеш кабарлар