Түркия туризми баш аламандыктан терс таасир алган жок

Түркияга болгон каттамдарын ишемби күнү убактылуу токтоткон Люфтганза жекшемби күнүнөн тарта пландаштырылган каттамдарын кайрадан баштаган.

531895
Түркия туризми баш аламандыктан терс таасир алган жок

Түркияда эс алып жаткан немис туристтер 15-июлдагы баш аламандыктан терс таасир алган жок.  

«Thomas Cook» жана «TUI» саякат агенттиктеринин билдирүүсүндө, Түркиянын туристтик жерлеринин тынч экендиги жана эс алууларын жарым токтотуп Германияга кайткан туристтердин саны өтө аз экени белгиленди.

Түркияга болгон каттамдарын ишемби күнү убактылуу токтоткон Люфтганза болсо жекшемби күнүнөн тарта пландаштырылган каттамдарын кайрадан баштаган.

Люфтганза Франкфурттан Стамбул жана Антальяга, Мюнхенден да Анкара, Измир жана Бодрумга каттамдарын жүргүзүүдө.

Люфтганзага караштуу Eurowings авикомпаниясы да нормалдуу каттамдардын үзгүлтүксүз уланып жаткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар