Түркия өткөн жылы мегапроекттерге 44,7 миллиард доллардык инвестиция салды

Түркия өткөн жылы жалпы 44,7 миллиард доллардык 7 долбоору менен дүйнөдөгү мамлекет-жеке менчик сектор кызматташуусунун 40 пайызын өзү жалгыз аткарды.

528823
Түркия өткөн жылы мегапроекттерге 44,7 миллиард доллардык инвестиция салды

Түркия өткөн жылы жалпы 44,7 миллиард доллардык 7 долбоору менен дүйнөдөгү мамлекет-жеке менчик сектор кызматташуусунун 40 пайызын өзү жалгыз аткарып, мегапроекттер тизмелөөсүндө биринчиликти алды.

Дүйнөлүк банк 2015-жылдын Глобалдык мамлекет-жеке менчик сектор кызматташуусу отчетунан чогултулган маалыматтарга караганда өткөн жылы глобалдык мамлекет-жеке менчик сектор кызматташуусунда жасалган жалпы инвестиция көлөмү 111,7 миллиард доллардан 111,6 миллиард долларга түштү.

Түркия салган инвестициялары менен мурдагы жылы алдыңкы орунду алган Бразилиядан озуп өтүп биринчиликти алып, тизменин экинчи орунунда 18 долбоору менен турган Колумбиядан 4 эсе көп иш аткарды.

Экинчи орундагы Колумбиянын мамлекет-жеке менчик сектор кызматташуусунун инвестиция көлөмү 11,8 миллиард доллар болсо, 11 долбоор жана 7,1 миллиард доллардык инвестициясы менен Перу үчүнчү орунду ээледи. Перудан кийин 5,9 миллиард доллардык 13 проекти менен Филиппин орун алды.

42,7 миллиард доллардык инвестициясы менен 2014-жылдын тизмелөөсүндө алдыңкы орунда турган Бразилия, өткөн жылы 4,5 миллиард доллардык 46 долбоору менен 5-орунга түштү.

Бразилиядан башка көп жылдар бою эң көп мамлекет-жеке менчик сектор кызматташуусуна инвестиция жасалган өлкөлөрдүн арасындагы Кытай менен Индияда да бул инвестицияларда төмөндөө болду.

2014-жылы 60 миллиард доллар менен базардын 60 пайызын ээлеген бул үч өлкөнүн инвестициялары жалпы инвестициялардын 10 пайызына туура келген 11,6 миллиард долларга түштү.

 Бразилия, Кытай жана Индияда мамлекет-жеке менчик сектор кызматташуусу менен жасалган инвестицияларында чукул төмөндөө көрүнгөнүнө карабастан глобалдык жалпы инвестициялардын туруктуу болушуна Түркиянын бул тармакта 300 пайыздык жогорулоого туура келген ийгиликке жетишүүсү белгилөөчү ролду ойноду.



Тектеш кабарлар