Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны көбөйдү
Жүргүнчү санындагы өсүү ички каттамдарда 10,5 пайыз, ал эми тышкы каттамдарда болсо 5,8 пайыз болду.
Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны алгачкы 5 айда 25 миллионго жетти.
Түрк аба жолдорунун коомго маалымат берүү платформасында жарыяланган жылдын биринчи 5 айына байланыштуу жыйынтыктарга караганда, 2015-жылдын январь-май айларынын арасында 23,2 миллион болгон жүргүнчү саны ушул жылдын тийиштүү мезгилде 7,8 пайыз өстү. Жүргүнчү санындагы өсүү ички каттамдарда 10,5 пайыз, ал эми тышкы каттамдарда болсо 5,8 пайыз болду.
Аэропортторго конгон жүргүнчү учактардын саны өткөн жылдын алгачкы 5 айына караганда 7,8 пайыздык өсүү менен 187 миң 482ге жетсе, ташылган жүк ташуучу почта болсо 10,4 пайыздык өсүү менен 313 миң 772 тонна болду.
Катталган шаарлардын саны 289га, ички каттамдардагы шаар саны 49га, тышкы каттамдардагы шаар саны 240 жана учак саны да 322ге көбөйдү.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.