Түркиянын Балкан саясатынын миң жылдык тарыхы бар

Ялчын Топчу Түркия-Босния-Герцеговина ишкерлер коому уюштурган «Балкандагы түрктөр» темалуу жыйналышка катышты.

495572
Түркиянын Балкан саясатынын миң жылдык тарыхы бар

Президенттиктин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Түркиянын Балкан саясатынын миң жылдык тарыхы болгонун айтты.

Ялчын Топчу Түркия-Босния-Герцеговина ишкерлер коому уюштурган «Балкандагы түрктөр» темалуу жыйналышка катышуу үчүн Босния-Герцеговинанын борбор калаасы Сараевого барды.

Топчунун сапары Босния-Герцеговинанын унутулгус лидери, көрөгөч королу Алия Иззетбеговичтин күмбөзүнө зыярат кылуу менен башталды.

Топчу андан соң Түркиянын кайрымдуу ишкерлери тарабынан салынган Сараевонун эл аралык университети менен ТРТнын Сараево өкүлчүлүгүнө барды.

Ялчын Топчу Балкан өлкөлөрүнө карай берүүсү болгон айрым медиа органдарынын Түркиядагы өкмөт өзгөрүүсүнүн Түркиянын Балкан саясаттарын бүдөмүккө түрткөнү боюнча айтымдарга жооп кайтарды.

Топчу айрыкча ТРТнын акыркы жылдардагы ишмердүүлүктөрү менен дүйнөлүк каналга айланганын айтты.

Ялчын Топчу, «Балкан өлкөлөрүндөгү түрктөр» темалуу жыйналышта өлкөнүн чек аралары бар экенин бирок көңүлдөрдө чек ара деген нерсе болбогонун баса белгиледи.

Ялчын Топчу айрыкча эки өлкөнүн ишкерлеринин карым-катнаштарын өнүктүрүүсү, Босния-Герцеговинанын өнүгүүсү жана өлкөдөгү түрк инвестицяларынын арттырылышы керектигине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар