Орусия Кыргызстанга грант бөлүп берди

Акыркы 7 жылда Орусия Кыргызстанга 350 миллион долларга жакын грант берген.

446345
Орусия Кыргызстанга грант бөлүп берди

Кыргыз Республикасынын Президенттигинин аппаратынан билдиришкендей, аталган мамлекет 30 миллион доллар кайтарымсыз акча которду. Каражат республикалык казнанын тартыштыгын жабууга жана социалдык турак-жайларды курууга жумшалат.

Белгилеп кетсек, акыркы 7 жылда Орусия Кыргызстанга 350 миллион долларга жакын грант берген. Алардын дээрлик баары мамлекеттик казнанын дефицитин жабууга багытталып келет.



Тектеш кабарлар