АКШга унаа сатылууда

Түркиянын автомобиль тармагы өнүгүп жатат

445988
АКШга унаа сатылууда

Автомобиль тармагында мыктылыгын далилдеген жана сапатын барган сайын жогорулаткан Түркия, эми дүйнөнүн бардык жерине соода унаасын жана жеңил унааларды сата тургандай деңгээлге жетти.

Бурсада Тофаш тарабынан чыгарылган Fiat Egea Sedan, Европадан кийин Америка материгинде да сатыла баштайт.

Европага «Типо» деген аталышта сатылган «Egea», Америка материгинде биринчи баскычта Мексика базарына экспорттолот жана "Додж" брендинин негизинде «Неон» деген аталышта сатылат.

Эгеа, Доблодон кийин Тофаштын Америка материгинде экспорттогон экинчи үлгүсү болсо, Бурсада чыгарылган бренд саны да жетиге жетет.

Egea Sedanга Европадан жалпы 20 миң унаалык заказ берилди.

Түркиянын эң маанилүү автомобиль долбоору болгон Fiat Egea, 2023-жылга чейин жалпы 1,2 миллиондон ашкан өндүрүш максаттоодо.



Тектеш кабарлар