Мусулман туристтердин тандоосу Стамбул менен Анталья...

Тизмеде Стамбул 64.2 балл менен үчүнчү, Анталья болсо 61.2 балл менен төртүнчү болду.

385743
Мусулман туристтердин тандоосу Стамбул менен Анталья...


Сингапурдагы мусулман саякат изилдөө борборлору Crescentrating менен Mastercard даярдаган отчетко караганда, мусулмандар соода туризми үчүн тандаган Ислам өлкөлөрүнүн арасында Түркиядан Стамбул менен Анталья алдыңкы беш орунга кирди.
40 шаарга баа берилген көрсөткүч, тейлөө жана иш-чаралар, саякат жеңилдиги, соода жерлери сыяктуу критерийлер эске алынып даярдалды.
Дубай 79.5 баал менен биринчи орунду ээлесе, Куала-Лумпур 73.3 балл менен экинчи орунда турат.
Ислам Кызматташуу Уюмуна мүчө шаарлардын арасында Стамбул 64.2 балл менен үчүнчү, Анталья болсо 61.2 балл менен төртүнчү болду.
2014-жылга таандык көрсөткүчтөр жарыяланган башка отчетто болсо, мусулман туризминин көлөмү 108 миллион турист менен 145 миллиард долларга жеткени, мунун да жалпы туризм базарынын 10 пайызын түзгөнү билдирилди.
Бул сандын 2020-жылы 150 миллион туристке жана 200 миллиард доллардык көлөмгө жетүүсү күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар