Украина кредиторлор менен макулдашты

Өлкөнүн карызын кайрадан эсептөө үчүн кредиторлор менен макулдашкандары билдирилди.

370780
Украина кредиторлор менен макулдашты

Орусия менен болгон кризистин себебинен оор күндөрдү өткөрүп жаткан Украина, карыздарын кайрадан эсептөө үчүн кредиторлор менен макулдашканын билдирди.
Келишимдин алкагында карыздын бир бөлүгү кечилип, калган бөлүгүнүн төлөнүүсү үчүн 4 жылга узартылат.
Орусиянын Крымды кошуп алышынан кийин күчөгөн чыңалуу, Украина экономикасына да терс таасирин тийгизди.
Өзгөчө Европа Биримдиги жана Эл аралык валюта фондунун колдоосу менен карыздарын төлөөгө аракет кылган Украинага жакшы кабарды каржы министри Наталья Яресько билдирди.
Яресько өлкөнүн карызын кайрадан эсептөө үчүн кредиторлор менен макулдашкандарын айтты.
Келишимге ылайык карыздын 20 пайызы кечилет.
Ал каражат социалдык структуранын жакшыртылышында жана улуттук коргонууда колдонулат.
Экинчи тараптан 7,25 пайыз болгон купон пайызы жарым балл көбөйтүлүп, карыздын мөөнөтү да 4 жылга узартылат.
Орусияны макулдашууга кошулууга чакырган Яресько, Москва башкаруучулугуна берки кредиторлордон башкача мамиле кылбай тургандарын сөз кылды.
Бирок Орусиянын каржы министри Антон Силуанов, карыздарды кайрадан эсептөө планында орун албай тургадарын билдирди.
Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк болсо келишимдин Орусияга чоң сокку урганын айтты.
Украина Эл аралык валюта фондуна эң көп карызы бар экинчи өлкө болуп саналат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар