Түрк экономикасынын пайдубалы бекем
Жемил Эртем валюта курсундагы жогорулоонун түрк экономикасында кризистин белгиси болбогонун айтты.
Президенттиктин башкы кеңешчиси Жемил Эртем валюта курсундагы жогорулоонун түрк экономикасында кризистин белгиси болбогонун айтты.
Жемил Эртем, «Анадолу» маалымат агенттигине берген билдирүүсүндө «Валюта курсунун жогорулоосу чындыгында Түркияда саясий себептерден улам болууда. Бул түрк экономикасында кризистин белгиси эмес»-деди.
Борбордук банктын да курстун жогорулоосун туруктуу жана кризистин белгиси катары аныктабаганын эскерткен Эртем: «Бул жерде эң маанилүүсү; Борбордук банк, Түркия экономикасынын пайдубалдарынын бул жагынан бекем көргөнүн да тастыктады. Биз да түрк экономикасынын пайдубалдарын бекем экенин көрүүдөбүз. Түркияда кризистин белгиси жок, жакынкы бир келечекте да жок»-деп сереп салды.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.