Дүйнөлүк экономика али калыбына келе элек

Эл аралык Валюта Фондунун ( IMF) төрайымы К.Лагард экономикалык коркунучтар дагы деле толук жоюла электигин билдирди.

308243
Дүйнөлүк экономика али калыбына келе элек

Эл аралык Валюта Фондунун ( IMF) төрайымы Кристин Лагард эскертүү жасады.
Лагард эл аралык экономиканын калыбына келе баштаганын, бирок дагы деле туруктуу эмес экендигин билдирди.
Кристин Лагард Эл аралык Валюта Фондунун мекемесинде өткөн жана интернет аркылуу жарыяланган маалымат жыйынында, дүйнөлүк экономиканын дагы деле чабал жана артка кетүү коркунучтары бар экенин баса белгиледи.
Кытайдагы экономикалык өсүүдө байкалган төмөндөөнү тизгиндей алабыз деген Лагард, Кытай экономикасынын биржадагы төмөндөөгө туруштук бере алгыдай күчтө болгонун белгилеп өттү.
Американын Борбордук банкы менен ар дайым бирдей деңгээлде боло албай тургандарын айткан Лагард: «Бул адаттагы абал Эл аралык Валюта Фонду Борбордук банктын божомолдуу көрсөткүчтөргө карата мамилесин колдойт»-деп айтты.
Европа аймагынын экономикасынын калыбына келтириле баштаганын айтып, Грециянын экономикалык абалына токтолуп кетти. Грециянын мамлекеттик карызы туруксуз экенин айткан Лагард, Афинанын реформа жүргүзүүсү шарт болгонун эскертти.
Пикир келишпестиктерге карабастан Греция өкмөтү бирге иштөө чакырыгын салганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар