Түркия менен Ирандын соодасы артат
Иран менен түзүлгөн тарыхый атомдук келишимден эң көп пайда таба турган өлкөлөрдөн бири Түркия болот.
Экономика министри Нихат Зейбекчи Иран менен атомдук сүйлөшүүлөрдө жетишилген келишимге сереп салды. Иран менен дагы көп соода-сатык, инвестиция жана экономикалык кызматташуунун жолу ачыла турганын айткан Зейбекчи, санкциялардын жоюлушунан эң көп пайда таап чыга турган өлкөлөрдөн биринин Түркия болгонун баса белгиледи.
Министр Зейбекчи: «Түркия-Иран преференциалдык соода келишиминин оң таасирлери жана санкциялардын жоюлушу менен 30 миллиард доллардык соода көлөмүнө жетүүнүн жолу ачылат»-деди.
Курулушчулук, туризм баштаган кызматтар жана инвестициялар тармагында да маанилүү кызматташтык тармактары пайда болот.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.