Грециянын рейтинг баасы түштү
Standard & Poor's (S&P) Грециянын насыя рейтинг баасын «ССС дан» «ССС- ка» төмөндөттү.
Эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Standard & Poor's (S&P) Грециянын насыя рейтинг баасын «СССдан» «ССС-ка» төмөндөттү, рейтинг баасынын көрүнүшүн «негативте» калтырды.
Standard & Poor's (S&P) расмий барагынан берилген жарыяда Грециянын «ССС» деңгээлиндеги насыя рейтинг баасынын өкмөтүнүн расмий кредиторлору сунуштаган кредит шарттарын элдик добушка алып чыгуу чечиминен кийин «ССС-га» төмөндөтүлгөнү билдирилди.
Анда Грециянын Евро аймагынан чыгуу ыктымалдуулугу 50 пайыздын тегергенинде болгону белгиленди.
Грециянын бүгүн Эл аралык Валюта Фондуна 1,6 миллиард евро төлөшү керектигин, бирок айрым булактар бул төлөмдөрдүн аткарыла албай турганын жарыялады.
Баа берүүчү мекеме өлкөнүн баасын 11-июнда «ССС+тан» «ССС га» төмөндөткөн болчу.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.