Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү биринчи планда эмес

Нихат Зейбекчи: «Түркиянын экономикасы эң начар сценарийлерге да даяр»-деди.

308815
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү биринчи планда эмес

Экономика министри Нихат Зейбекчи мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн алдыңкы планда эместигин айтты.
Миландан кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берген жана шайлоолордо берилген маалыматты алгандарын айткан Зейбекчи: «Улут бизге чогуу өнөктөштүк кур деди. Биз муну абдан жакшы түшүндүк. Ар ким конструктивдүү болушу керек. Улут макулдашсын деди»-деген серебин салды.
Экономикада ырааттуулук үчүн шайлоону тандоонун туура болбой турганын баса белгилеген министр Зейбекчи, түрк экономикасынын жакшы абалда экенин билдирди.
Зейбекчи: «Түркияда шайлоо болсо экономика зыян тартат деп айтуу жаңылыш болот. Макулдашып оң кадамдарды таштай баштагандан тартып экономика буга жооп берет. Муну алдыдагы жумада көрөбүз»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар