Түркияда жумушсуздук азайды

Жумушсуздук акыркы беш жылдын эң төмөнкү деңгээлинде.

304530
Түркияда жумушсуздук азайды


Март айында жумушсуздук көрсөткүчү күтүлгөндөн төмөн болуп 10,6 пайыз болду.
Жумушсуздардын саны 3 миллион 69 миң кишиге түштү.
Март айында жумуш менен камсыздоо көрсөткүчү болсо 45 пайыз деп билдирилди.
Бул мезгилде айыл-чарба тармагында иштегендердин саны 122 миң кишиге азайса, айыл-чарбадан тышкаркы секторлордо болсо 491 миң кишиге көбөйдү.
Ал эми катталбаган жумушчулардын көрсөткүчү 32,7 пайыз болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар