Коргонуу өнөр жайынан 117 өлкөгө экспорт
Экспорт кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 1,36 пайыз өсүп 461 миллион долларга жетти.
Түрк коргонуу өнөр жайы жана авиация тармагы жылдын биринчи төрт айында 117 өлкө жана 9 эркин соода аймагына экспорт жасады.
Бул сектордун экспорт кирешеси өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,36 пайыз өсүп 461 миллион долларга жетти.
Экспортто биринчи орунду 182 миллион 620 миң доллар менен АКШ ээлесе, сектордун экспортунун орто эсеп менен 40 пайызы ушул өлкөгө жасалды.
Түрк коргонуу жана авиация сектору эң көп экспорт жасаган экинчи өлкө болсо 53 миллион 960 миң доллар менен Малайзия болду. Малайзияга жасалган экспорттон түшкөн киреше өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 142 пайыз өстү.
Испания болсо 33 миллион 552 миң доллардык киреше менен бул тармакта үчүнчү орунду ээледи. Испанияга жасалган экспорттун кирешеси өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 30 пайыз көбөйдү.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.