Европа Биримдиги Орусияга кошумча санкция киргизиши мүмкүн

Европа Биримдиги керек болсо жаңы чечимдерди чыгарууга даяр.

273481
Европа Биримдиги Орусияга кошумча санкция киргизиши мүмкүн


Европа Биримдиги Орусияга карай экономикалык санкцияларды Брюсселдеги саммитте талкуулады.
Биримдиктин лидерлери санкциялардын Минск келишиминин ишке ашырылуусуна байланыштуу болуусу темасында макулдашты.
Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск саммиттин биринчи күнкү жыйындарынан кийин жарыялаган билдирүүсүндө, Орусияга карай июль айында мөөнөтү аяктай турган экономикалык санкциялардын жылдын аягына чейин узартылаарын айтты.
Туск керек болсо Европа Биримдигинин Орусияга карай кошумча санкцияларды киргизиши мүмкүн экенин да белгиледи.
Саммитте европалык лидерлер энергетика биримдигинин түзүлүүсүн да бекитти.
Дональд Тунск, каалаган европалык фирмалардын биргелеше газ сатып алуулары үчүн иш-чараларды баштата тургандарын, энергетика талабы жана жеткирүүдө мааниси жогорулаган өлкөлөр менен стратегиялык өнөктөштүктөрдү түзүүгө аракет кыла тургандарын баяндады.
Орусия менен түзүлгөн, айрымдары 20 жылдан ашуун мөөнөттүү газ келишимдеринин туура эмес экенин да айткан Туск ушул сыяктуу келишимдердин саясий курал катары колдонулбашы керектигин белгиледи.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар